Кара-Сууда имамдын демилгеси менен 50 муктаж үй-бүлөгө 200 000 сомдук жардам көрсөтүлдү

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Капа айылынын «Беш-Капа» мечитинин имамы Усманжан Закировдун демилгеси менен 50 муктаж үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Бул боюнча Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров билдирди.

Баш имам-хатибдин айтымында  мечит имамы жергиликтүү тургундарга  ыйык Рамазан айы берешендик айы экенин, бул айда кылынган кайрымдуулуктарга Алла Таала эселеп сооптор жазыла тургандыгын түшүндүргөн. Имамдын кайрылуусунан соң колунда бар замандаштар уюшуп, жалпы наркы 200 000 сомду түзгөн азык-түлүк түрүндөгү жардам баштыктарын жакыр жашаган 50 үй-бүлөгө жеткиришкен.

“Баштыкта күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр бар. 10 кг ун, 3 литр май, 2 кг кумшекер, 2 кг Өзгөн күрүчү, 1 дана сүт азыгы, 1 пачка курма, 1 пачка чай, 3 кг картөшкө, 3 кг сабиз, 2 кг пияз, жумуртка жана таттуулар салынган”,-деди Абдирашит ажы Батыров.