Аравандагы мечиттер дезинфекциялоодон өттү

Ош облусунун Араван районундагы жума окулуучу мечиттер дезинфекциялоодон өткөрүлдү. Аталган демилге тазалыкты сактоо, ыйык Рамазан айын жогорку деңгээлде өткөрүү максатында уюштурулган.

« «Сактыкка кордук жок»,-дейт бабаларыбыз. Орозо айында таравих намазын окуганы келген жамаатка кам көрүү максатында мечиттерди дезинфекциялоону туура көрдүк. Бул иштер аягына чыгып калды», – деп билдирди Араван районунун баш имам-хатиби Максат кары Сидиков.

Эскерте кетсек, аталган иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин №65 Буйругун ишке ашыруу максатында жасалды.