Ордолуу Ош шаарында «Биз менен бирге ооз ачыңыз» акциясы башталып, 200 баштыкча таратылды

Ош шаарындагы Жолдошбек Раимбеков жана Абсамат Масалиев көчөсүнүн кесилишинде Ош шаарынын мусулмандарынын казыяты «Биз менен бирге ооз ачыңыз» аттуу акция баштады.

Иш-чарага Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев катышып, айдоочуларды, жүргүнчүлөрдү жана шаар тургундарын берекелүү Рамазан айы менен куттуктап, атайын даярдалган баштыкчаларды таратты. 

«Мындай саамалыктар ооз ачууга жетишпей бара жаткан  жарандарыбыз үчүн абдан ыңгайлуу жана ылайыктуу. Себеби жолдо ар кыл себеп менен кармалып калышы мүмкүн. Ошондуктан бул акциянын уюштурулгандыгын шаар тургундары колдоп, ыраазычылыктарын айтып жатышты»,-деди шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев.

«Биз менен бирге ооз ачыңыз» акциясынын алкагында  200  баштыкча таратылды.