Каракол шаарындагы муктаж үй-бүлөлөргө 262 500 сомдук азык-түлүк таратылды

Ыйык Рамазан айынын урматына карата Каракол шаардык хатибияты тарабынан «Иброхим ажы» мечитинде муктаж, мүмкүнчүлүгү чектелген 75 үй-бүлөгө 262 500 сомдук азык-түлүк таратылды.
Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков ыйык айда кайрымдуулук колун сунган жеке ишкерлерге ыраазычылыгын билдирип, муктаждар үчүн жагымдуу маанай тартуулангандыгын белгиледи.
«Ыйык Рамазан берешендүүлүктүн, кайрымдуулуктун жана Алла Тааланын мээрими төгүлгөн ай. Бул айда шаардын мусулмандарынын хатибияты дайыма жардам берүү иштерин уюштуруп, муктаждар үчүн азык-түлүк таратат. Демилгени колдоп, жардамын берген бардык атуулдарга ыраазычылык билдирем»,-деди Талант ажы Сабриков.