Жалал-Абадда 7-апрель элдик революциясында курман болгондорго багышталып Куран окулду

Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында 7-апрель элдик революциясына арналган иш чара өттү. Эскерүү иш-чарасына Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков да катышты. Анда курман болгондор эскерилип, маркумдарга багышталып куран окулду.

Бул иш-чарага  курман болгондордун жакындары, апрель революциясынын катышуучулары, мекеме, иш каналардын жетекчилери, кызматкерлер жана коомчулук өкүлдөрү катышты.