Өзгөндүн Кызыл-Тоо айыл өкмөтүндө жаш жеткинчектер үчүн Куран окуу курсу жыйынтыкталып, кызыктыруучу белектер тапшырылды

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Тоо айылындагы «Насыр-Али» мечитинде жаш жеткинчектер үчүн атайын уюштурулган Куран окуу курсу жыйынтыкталып, кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Иш-чарага Өзгөн райондук хатибиятынын баш имам-хатибинин орун басары Жусупбек Арстанбек уулу, мечит имамы Жайнакбек Эргешов жана жергиликтүү айыл тургундары катышты.

Саамалыкта Өзгөн райондук хатибиятынын баш имам-хатибинин орун басары  билим алуунун зарылдыгы, ата-энеге болгон сый-урмат жана маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатындагы ыксыз чыгымдар менен күрөшүү боюнча кеп кылды.

«Бул сабактар мектеп окууларынан сырткары курс катары берилди. Айрым балдар жыл сайын Куранды окуганды үйрөнүп, кайра унутуп калган учурлар кездешет. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дагы ″Төөнүн башынан нокто тез түшкөндөй, Куран дагы акылдан тез чыгат″ деп айткан. Жаңы үйрөнүп келе жаткан жаштар бат-баттан кайталап, Куранды окуп туруусу зарыл», — деди Жусупбек Арстанбек уулу.