Нарын шаарына 100 даана ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулду

Президент Садыр Жапаровдун  “Жашыл Мурас” долбоорун ишке ашыруу максатында Нарын шаарынын Жаңы-Жол аймагына  100 даана ийне жалбырактуу көк карагайлардын көчөттөрү отургузулду.

Иш-чарага  Нарын облусунун казысы Эрик ажы Молдокулов, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, шаардык кеңештин төрагасы Автандил Молдосалиев жана Нарын медресесинин отуз студенти катышты.

“Жакынкы аралыкта Нарын шаарына күн чыгыш тарабынан кире беришине  Нарын облустук казыятынын кызматкерлери ушундай эле ийне жалбырактуу көчөттөрдү олтургузмай болдук”,-деди облус казысы.  

Нарын шаарынын мэрясы “Жашыл-Мурас” саамалыгына активдүү катышып берген Нарын казыятына, Нарын медресесинин  студенттерине терең ыраазычылыгын билдиришти.

Эскерте кетсек, көк карагайлар Нарын шаардык мэриясы тарабынан Ысык-Көл жергесинен алынып келинген.