Араван райондук хатибиятынын бакчасы тазаланып, гүлдөр отургузулду

Ош облусунун Араван райондук хатибиятынын бакчасында баш имам-хатиб Максат кары Сидиковдун демилгеси менен Азрети Муфтийдин жарлыгына ылайык ишембилик өтүп, ага айылдын жаштары катышты.

 « «Тазалык ыймандын жарымы» деп айтылгандай, өзүбүз да, айлана-чөйрөбүз да таза болгону дурус. Динибиз тазалыктын үстүнө курулган. Кудай буюрса районубузда апрель ичи ишембилик уюштурабыз. Дарактарды бутоого жана гүл отургузууга айыл жаштары жардам беришүүдө», – деп билдирди баш имам-хатиб.

Эскерте кетсек, өткөн аптада Араван районундагы жума мечиттери дезинфекциялоодон өткөн.