Жылалды айыл өкмөтүндө маркумду акыркы сапарга узатуудагы ыксыз чыгымдарды токтотуу жана жаштарга адеп-ахлак багытында семинар өткөрүү маселеси каралды

Өзгөн райондук хатибиятынын демилгеси менен Өзгөн районуна караштуу Жылалды айыл өкмөтүндө КР Президентинин «Үй-бүлөлүк салтанат жана маркумду эскерүү үрп-адатын тартипке келтирүү» жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруу алкагында маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатындагы ыксыз чыгымдар менен күрөшүү, мектептерде адеп-ахлак багытында атайын семинарларды уюштуруу маселеси каралды.

Иш-чарага Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, орун басары Жусупбек Арстанбек уулу жана Жылалды айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек Жээнбаев катышты. 

Жолугушууда Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында ыксыз чыгым жана ысырапкерчилик менен күрөшүү боюнча биргеликте иш алып баруу зарыл экенин баса белгиледи.

Ал эми Жылалды айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек Жээнбаев мектептерде адеп-ахлак багытында окуучулар менен ата-энелердин катышуусунда атайын семинарларды уюштуруу зарыл экенине токтолду.

«Окуучуларга руханий жактан таалим тарбия берүү максатында сабак уюштурууну көздөп жатабыз. Жакында графиги түзүлөт. Сиздер менен биргеликте ушул долбоорду ишке ашыралы», – деди Улукбек Жээнбаев.