Ошто «Биз менен ооз ачыңыз» акциясы уланууда

Ош шаарынын жаңы автобекетинде Ош облустук мусулмандар казыяты тарабынан «Биз менен ооз ачыңыз» акциясы өттү. Акцияда жалпысынан 200  баштыкча таратылып, шаар тургундары жана конокторуна рамазандык маанай тартууланды. Саамалыкка облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев баштаган казыят жамааты катышты.

«Кээ бир жолоочулар ооз ачар маал болгондо суу же курма таппай, ыңгайсыз абалда калышы мүмкүн. Ошону эске алып атайын алыс сапарга аттанчулардын жайын тандап алдык. Бул уникалдуу жөрөлгө аркылуу айрым момун-мусулман бир туугандардын жүзүнө күлкү, жүрөгүнө кубаныч тартуулай алдык деп ойлойм. Ыйык Рамазан айын утурлай жарандарга орозо шаңын сездирген «Салих» компаниясына терең ыраазычылык билдиребиз», – деп билдирди облус казысы.

Эскерте кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын «Салих» компаниясы менен биргеликте уюштуруп жаткан «Биз менен ооз ачыңыз» акциясы өлкө аймагында уланууда.