Ыйык Рамазан айында кыргызстандыктар Москвада ифтарлык уюштурушту

Россия Федерациясынын мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана Москва шаарынын Өкмөтүнүн колдоосу менен жыл сайын өткөрүлүүчү маданий-кайрымдуулук долбоору ыйык Рамазан айында өтүүдө.

Бул жолу Рамазан чатырында Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын өкүлдөрү тарабынан  уюштурулган ифтар өттү. Ифтарга аксакалдар, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, Москвада иштеген кыргызстандыктар, коноктор катышып, алардын жалпы саны беш жүздөн ашты.

Иш-чара Куран окуу менен башталып, элдин амандыгы үчүн дуба кылышты. Саамалыктын алкагында уюштуруучулар тарабынан даярдалган маданий-агартуу тасмасы көрсөтүлүп, катышуучулар арасында суроо-жооп, комузда кол ойнотуу жана дин аалымдарынын баяндамалары жасалды. Ошондой эле Москва шаарынын Дин Башкармалыгы  КМДБнын  Россиядагы өкүлү Сүйүнбек ажы Жусубалиевге жана Кыргызстандан келген ыктыярчыларга ыраазычылык каттары тапшырылды.

“Эки элдин ынтымагын бекемдеген Рамазан чатыры ар жылы уюштурулуп келет. Биз Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин саламын жолдоп, берекелүү ыйык айда элибизге амандык, ал эми Россияда эмгектенип жүргөн мекендештериме ыйман, ынтымак тилейм”,-деди Сүйүнбек ажы Жусубалиев.