Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев иш сапары менен Өзбекстанга барып, Азирети муфтий Нуриддин ажы Халикназаров менен жолугушту

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев иш сапары менен Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарына барып, Өзбекстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Нуриддин ажы Халикназаров менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушууда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Замир кары Ракиевдин өзбек элине берекелүү Рамазан айындагы куттуктоосун жана саламын жеткирди.

Ошондой эле  эки элдин достугун, ынтымагын бекемдөө максатында семинарларды, конференцияларды, диний иш-чараларды биргеликте өткөрүү жана Орто Азияга белгилүү дин аалымдарын эскерүү ишин уюштуруу боюнча пикир алышты.