Өзгөндө ата-энесиз калган балдардын үй-бүлөсүнө азык-түлүк баштыкчалары таратылды

Өзгөн районунун борбордук мечитинде Өзгөн райондук хатибияты «Жакшылык үчүн биримдик» фонду менен биргеликте ата-энеси жок балдардын үй-бүлөлөрүнө 50 даана азык-түлүк баштыкчаларын таратты.

Кайрымдуулук иш-чарасы «Жакшылык үчүн биримдик» фонду тарабынан каржыланып, жеринде тапшырылды.

«Берешендик береке алып келет. Ушундай ыйык Рамазан айында муктаждарды сүйүнтүү биз үчүн чоң сыймык. Азык-түлүктөрдөн ун, май, кум шекер, эт, картөшкө, сабиз, пияз, кесме жана туз берилди. Колдоо көрсөткөн «Жакшылык үчүн биримдик» фондунун эмгек жамаатына ыраазычылык билдирем», – деди Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров.