Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров өрттү көзөмөлдөө кызматынын Өзгөн, Кара-Кулжа району боюнча башкы инспектору менен жолугуп, коопсуздукту талкуулашты

Өзгөн райондук хатибиятында Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө кызматынын Өзгөн, Кара-Кулжа району боюнча башкы инспектору Асилбек Арыков менен жолукту. Жолугушууда мечиттердин өрт боюнча коопсуздук чараларын алдын алуу жана ар кандай кырдаалга даярдыкта тууру боюнча пикир алышты.

Жолугушууда Өзгөн районунун баш имам-хатиби жаңы курулуп жаткан мечиттердин өрт коопсуздуктары боюнча маалымат берди.

«2015-жылдан тартып жаңыдан курулган мечиттердин коопсуздук жактары мыкты. Анткени мечиттерди курууда жайгашкан жери, суу кампалары  жана бардык тараптан өрт коопсуздугун алдын алуу нормасы салыштырмалуу жакшы», – деди Акжол ажы Бакиров.

Ал эми өрттү көзөмөлдөө кызматынын Өзгөн, Кара-Кулжа району боюнча башкы инспектору   электрдик жайгаштырууларды туура жана өзүнүн талабына ылайык орнотуу зарыл экенин баса белгиледи.

«Өрт коопсуздугу канчалык деңгээлде маанилүү экенин айтпасак деле баарыбызга маалым. Айрым мечиттерде жөнөкөй эле электрдик точкаларын жайгаштырууда катачылык кетиргенин  көрдүм. Андан сырткары мечиттин сыртында жок эле дегенде коопсуздук жабдыктарын коюу кажет», – деди Асилбек Арыков.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу иш алып баруу макулдашылды.