Ош облусундагы баш имам-хатибдер мечиттердин каттоосу боюнча ар жума сайын казыятка отчет берип турууга милдеттендирилди

Ош облустук мусулмандарынын казыятында облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев баштаган казыят жамааты, райондук баш имам-хатибдер жана хатибияттардын катчыларынын катышуусунда жыйын өтүп, анда ысырапкорчулуктун алдын алуу, садака-фитир боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, диний объектилердин каттоосун тездетүү маселелери каралды.
 

«Орозо айы ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча жүргүзүп жаткан иш-чараларыбызга чоң жардамын тийгизип жатат десек болот. Ошого карабай Жарлыктын алкагында иш алып барууну үзгүлтүккө учуратпайлы. Ар кандай жыйналыш болобу, эл чогулган жерлер болобу, ысырапкорчулуктун кесепеттери боюнча кыскача болсо да маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзө берели», – деп билдирди облус казысы.
 

Ал эми мечиттерди каттоо боюнча райондук баш имам-хатибдерге диний уюмдарды (мечиттерди) эсептик каттоодон өткөрүү иштерине толук кандуу аралашып, процессти өз көзөмөлүнө толук алуу, диний уюмдарды (мечиттерди) каттоо процессиндеги даярдалган документтерди дыкат текшерүү, бул жаатта жарандарга же дин кызматкерлерине туура консультация берүү, казыятка чейинки этаптагы иштерге көңүл буруу жана имам дайындала элек каттоодон өтпөгөн мечиттерди контролдоо боюнча буйрук берилди.
 

Мындан сырткары райондук баш имам-хатибдер каттоодон өткөн, өткөрүүгө даярдалып жаткан же көңүл бурулбай калган диний уюмдар (мечиттер) боюнча ар жума сайын казыятка отчет берип турууга милдеттендирилди.