Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематилла ажы Жээнбеков райондук баш имам-хатибдер менен жолугушуп, бир катар тапшырмаларды берди

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы  Нематилла ажы Жээнбеков  райондук баш имам-хатибдер менен жолугушуп,  садака-фитир боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, диний объектилердин каттоосун тездетүү маселесин карады.
 

Жыйында мечиттердин каттоосу боюнча райондун баш имам-хатибдери маалымат беришип,  жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте иштеп жатышкандыгын айтышты.

«Мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүүдө  жарандарга жана дин кызматкерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Казыят кызматкерлеринен мечиттердин каттоосу боюнча кеңеш алып, маалымат берип туруңуздар!»,-деди облус казысы.