Азирети Муфтий Замир кары Ракиев КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев баштаган бир катар дин аалымдары КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим  Алимбаев  менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда Азирети Муфтий эң оболу ыйык Рамазан айы менен куттуктап, Баткен облусуна болгон иш сапарынын максатын айтып, аймактагы диний кырдаал жана чек арадагы болгон койгой талкууланды.

Эки тараптуу жолугушууда Азирети Муфтий Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, Баткени облусунун мусулмандар казыяты жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иш алып баруусу керектигин билдирди. Ал эми КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  келген конокторго ыраазылыгын билдирип,  Баткен облусундагы аткарылып жаткан иштер менен тааныштырды. Баткен облусунун мусулмандар казысы Нуридин ажы Мамасабиров Азирети Муфтийге жана  келген конокторго ыраазылыгын билдирип, Баткен эли үчүн өзгөчө дем күч берээрин айтты .

 Жолугушуунун соңунда Азирети Муфтий КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Абдикарим Алимбаевдин иштерине ийгилик каалап, өлкөбүздүн бүтүндүгү үчүн дуба кылды.