Сауд Араб Падышалыгынын ажылык жана умра министрлиги 2022-жылдагы ажылык сапары үчүн Кыргызстанга 2766 квота бөлдү

Кечээ, 19-апрелде Сауд Араб Падышалыгынын (САП) ажылык жана умра министрлиги 2022-жылдагы ажылык сапары үчүн Кыргызстанга 2766 квота бөлдү.

Ажылыкты уюштуруу боюнча Сауд Араб Падышалыгы чукул маалымат тараткандыктан улам, убакыттын тар экендигин эскертүү менен 2019-2020-жылдары ажылык сапарына баруу үчүн электрондук тизмеге катталып, кезек күтүп турган талапкерлер 25-апрелден тарта төлөмдөр башталаарын кабарлайбыз. Ажылык сапарынын төлөмдөрү 5 күн ичинде жүргүзүлүүсү шарт. 

Эскертүү: Ажылык сапарына барууга мүмкүнчүлүк алган талапкерлердин тизмеси Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын https://test.okmot.kg/hadj_2021/view/public/talapker.xhtml  шилтемеси аркылуу жана катталган аймагындагы операторлор аркылуу биле алышат.

САПтын ажылык жана умра министрлигинин чет элдик ажыларга койгон талаптары:

1. Ажыга баруучунун жашы 65 жашка чейин болуусу;

2. COVID-19 илдетине  каршы эмделген болуусу;

3. САПтын аймагына киргенге чейинки 72 сааттын аралыгында COVID-19га каршы тапшырылган тесттин терс жыйынтыгын тастыктаган күбөлүктүн бар болуусу.