2022-жылдагы болжолдуу калькуляция 4500 АКШ долларын түздү. Көрсөтүлгөн баа өзгөрүүсү мүмкүн

Сауд Араб Падышалыгынын (САП) ажылык жана умра министрлиги квотаны чет өлкөлүктөргө дүйнөдөгү пандемиялык абалга байланыштуу чукул бөлгөндүктөн, САП ажылыкты уюштурууда авиакомпаниялар,  САПтагы аваит, жатакана, тамак-аш, автобус жана башка чымдарына тиешелүү бардык келишимдерди түзүүгө  15-майга чейин мөөнөт берилгендигин маалымдайбыз. 

Дүйнөдөгү пандемиялык абалга байланыштуу Сауд Араб Падышалыгындагы (САП) ажылыктагы кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы кымбаттап кетүүсү мүмкүндүгү бар экендигин эске алуу менен бүгүн, 21-апрелде 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабы чукул жыйын өткөрүп, болжолдуу калькуляцияны 4500 АКШ доллары деп бекитти. Көрсөтүлгөн баа авиакомпания тандалып, ажылыкка тиешелүү  бардык келимдер түзүлүп, кызмат көрсөтүүлөрдүн так баалары аныкталгандан кийин жогорулашы же төмөндөшү мүмкүн.

Эскертүү: Ажылыктагы кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары аныкталгандан кийин калькулацияда көрсөтүлгөн  4500 АКШ доллары төмөндөп кетсе, ажылыкка акчасын төлөгөн талапкерлер айырмасын кайтарып алышат. Ал эми кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары аныкталгандан кийин  калькуляция 4500 АКШ долларынан жогорулап кетсе, акчасын төлөгөн талапкерлер кошумча төлөмдөрүн төлөп калууларын эскертебиз.