Ажылыкка төлөнүүчү төлөмдөрдү төлөө 25-апрелден 30-апрель РСК банкынан иш убактысы бүткөнгө чейин жүргүзүлөт

2019-2020-жылдары ажылыктын электрондук базасына катталып, кезек күтүп турган 65 жаштан төмөн эркек махрамдары бар талапкерлер ажылык сапарына болгон төлөмдөрдү  25-апрелден 30-апрель РСК банкынан иш убактысы бүткөнгө чейин төлөөлөрү керек.   

Берилген мөөнөттө ажылыктын төлөмдөрүн төлөп жетише албай калган талапкерлер ажылыктын электрондук базасынан четтетилип, тизмеден чыгарылат.

Эскерүү: 2019-2020-жылдары ажылыктын электрондук базасына катталып, кезек күтүп турган 2-3-4 тобунда катталган талапкерлерди ичинен аял махрамды коштоп баруучу эркек махрамы 65 жаштан ашып, ажылыкка барууга мүмкүнчүлүк албай калса, аны жанында коштоп баруучу аял махрамдары 2019-2020-жылдары ажылыктын электрондук базасына катталып, кезек күтүп турган  талапкерлердин арасында бөлөк жакын туугандары жок болсо, ал аялдарга ажылыкка болгон төлөмдөрдү төлөөгө уруксаат берилбейт. Эгерде Кыргызстанга бөлүнгөн 2766 квотадан ажылык сапарына баруу үчүн төлөмдөрүн төлөп жаткан талапкерлердин саны 2766 квотадан ашып кетсе, ал жарандар 2023-жылдагы ажылыктын электорондук басазында кезегин  сакталып калуусун маалымдайбыз.  

2022-жылы Сауд Араб Падышалыгынын  (САП) чет элдик  ажылык сапарга баруучуларга коюлган талаптары: 

1. Ажыга баруучунун жашы 65 жашка чейин болуусу;

2. Коронавируска каршы эмделген болуусу;

3. САПтын аймагына киргенге чейинки 72 сааттын аралыгында COVID-19га каршы тапшырылган тесттин терс жыйынтыгын тастыктаган күбөлүктүн бар болуусу.