Жарыя! Муфтият ажыларды жеткирүү үчүн Кыргызстан жана Сауд Араб Падышалыгынын улуттук авиакомпаниялары ортосунда кыска мөөнөт ичинде тандоо иш-чарасын жарыялайт

 Ажылык сапары чукул уюштурулуп жаткандыктан Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы 2022-жылдагы Сауд Араб Падышалыгына болгон ажылык ибадатын аткарууга  ажыларды жеткирүү үчүн Кыргыз Республикасынын жана Сауд Араб Падышалыгынын улуттук авиакомпаниялары ортосунда 2022-жылдын 25-апрелинен 29-апрель, саат 17:00гө чейин кыска мөөнөт ичинде тандоо иш-чарасын жарыялайт. 

Тандоо иш-чарасына катыша турган авиакомпанияларга коюлган талаптар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн КМДБнын  төмөнкү дарегине кайрылса болот.

 Бишкек шаары, Гоголь көчөсү № 57 

Байланышуу үчүн: 0778900601,   тел/факс: 0312 48 61 67  э-почта: muftiyat.hajj@mail.ru

Тандоо иш-чарасы өтө турган күн:

30-апрель, саат 11:00 / КМДБнын жыйындар залы.

Документтерди кабыл алуу:            

2022-жылдын 25-апрель 2022-жылдын 29-апрель  саат 17:00гө чейин.

Жыйынтыкты жарыялоо күнү:         

1-май, 2022-жыл.

Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилген арыздар кабыл алынбайт.

2022-жылы Кыргыз Республикасынан Сауд Араб Падышалыгына ажыларды аба жолдору менен ташууга катышуучу  Авиакомпанияларга коюлуучу негизги талаптар

1. Кыргыз Республикасынын (КР) Транспорт жана Коммуникациялар Министрлигинен (Жарандык Авиация Агентствосу) берилген жана Сауд Араб Падышалыгына (САП) тарабынан жактырылган жана эрежелерине жооп берген тиешелүү лицензиялардын жана сертификаттардын болуусу.

2. Көрсөтүлгөн маршруттарга учуучу, катталган мамлекеттик, техникалык мүнөздөмөлөрү, самолёттун тиби, сыйымдуулугу көрсөтүлгөн эки аба кемесинин (АК) болуусу (АК каттоо жөнүндөгү Күбөлүк жана АКнин  тиби жана учууга жарамдуулугу күчүндөгү сертификаты).

3.  Авиакомпаниянын Бишкек жана Ош шаарларынан Жидда, Мадина шаарларына алып баруучу жана кайтып алып келүүчү түз рейстерди жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгүнүн болуусу (САПтын эрежелерине жооп берүүчү бардык  керектүү уруксаттар жана жактыруулар).

4.  Бир ажынын алып баруу жана алып келүү авиабилетинин наркынын эсеби (Прайс-лист).

5.  САПка (Жидда жана Мадинага) слоттун болуусу  (учуу графиктери) болжол менен 2022-жылдын 15-июнунан, 2022-жылдын 30-июнуна чейин.

6.  Акысыз ташылуучу жүктүн ченеми 30 кг жүк, 10 кг кол жүгү жана кошумча 5 литр зам-зам суусу.

7. САПтын Жарандык авиациясынын департаментинин бекиткен эки жактын слотторун (учуу графиктерин) КМДБга 2022-жылдын 10-майга чейин берүү.

8.  Авиакомпаниянын аба кемелеринин Кыргыз Республикасынан учкан рейстери Медина шаарына жергиликтүү убакыт боюнча саат 06-00дөн саат 12-00гө чейин, андан кечикпестен  конуп бүтүүлөрү керек. 

9.  Аба жолдору аркылуу ажыларды түз чартердик жана такай рейстер менен ташуу боюнча тажрыйбасынын болуусу.

10.  Самолёттун ичинде сөзсүз “Халал” тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу.

11.  Ажылардын график боюнча Кыргызстандан  САПка жана андан кайта учуусунда Жидда жана Мадина шаарларынын аэропортторунда Авиакомпаниянын өкүлчүлүгүнүн болуусу.

12. Тандоого катышууга заявка берген жактын укугун тастыктоочу документинин (ишеним кат) болуусу.

13. Юридикалык жактын салык жана соцкоторуулар боюнча карызынын жоктугун тастыктоочу документтин болуусу.

14. Эл аралык стандарттарга жана эрежелерге ылайык келүүчү АК, 50 кишиден турган топторду бөлбөстөн, бортунда эң кеми 200 ажыны алып учууга мүмкүнчүлүгүнүн болуусу.

15. Авиакомпаниялар көрсөткөн документтер сөзсүз мамлекеттик же расмий тилде болуусу жана атайын конверттерге салынып,  мөөр басылуусу милдеттүү.

16. Чет өлкөлүк авиакомпанияларга коюлуучу сөзсүз талаптар бул – Бишкек шаарында алардын расмий күчүндөгү өкүлчүлүктөрүнүн болуусу. Бишкек шаарындагы чет өлкөлүк авиакомпаниялардын расмий өкүлчүлүктөрү жана анын  өкүлдөрү, тандоодон жеңген учурда, ажылыкты өткөрүү мезгилинде үзгүлтүксүз штаттык режимде иштөөгө жана Муфтияттын өкүлчүлүк органы менен зарылчылыкка жараша 24 саат байланышта болууга тийиш.

17. Тандоонун  жеңүүчүсү менен түзүлгөн келишимдин жалпы суммасынын 5%  кармалат жана ал САПтан ажыларды алып, авиаташуунун акыркы рейси келгендин кийин бир жуманын ичинде төлөнүп берилет.

18. Тандоонун жеңүүчүсү менен келишимге кол коюу учурунда, ал жерде авиакомпаниянын генералдык өкүлүнүн сөзсүз катышуусу.

19.   Авиаташуучу, жүргүнчү жана ошондой эле анын жүгү жөнүндө алынган маалыматтардын конфиденциалдуулугун камсыздайт жана үчүнчү жактарга аларды  суроо жана тиешелүү мыйзамдарга жана эрежелерге ылайык берет.

20. Ташуу учурунда аэропорттордогу салык, пошлиналар жана башка керектүү жыйымдарга байланыштуу чыгымдарды  Авиакомпания (жеңүүчү) өзү көтөрөт.

21.  Муфтият келишимдин жана Авиакомпания берген счет-фактуранын негизинде Ажыларды жана алардын жүктөрүн ташууга авиабилеттерди брондоого кеткен төлөмдү гана төлөйт. Калган бардык милдеттүү төлөмдөрдү жана салыктарды төлөөнү Авиакомпания (жеңүүчү)  өзү жүргүзөт.

22. Абадан ташуу боюнча түзүлгөн келишимдин аткарылуусуна байланыштуу келип чыккан талаштар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен гана жөндөлөт жана Кыргыз Республикасынын сотторунда каралат.

23.  Жогоруда көрсөтүлгөн талаптардын ар бирине макул экендигин билдирген аныктама тиркелүүсү зарыл.