Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» медресесинин студенттери жана мугалимдери үчүн спорттук кийимдер тапшырылды

Берекелүү Рамазан айынын урматына карата Ош шаардык мусулмандарынын казыяты жана «Себепкер» кайрымдуулук фонду шаарындагы «Умму Мухаммад» Куран жаттатуу медресесинин студенттери жана мугалимдери үчүн спорттук кийимдерди тапшырды.

Иш-чарага Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Абдилазиз ажы Абдурахманов катышып, медресе жаштарын берекелүү Рамазан айы менен куттуктап, окууларына ийгиликтерди каалады.

«Рамазан — бул Курандын айы. Сиздер Куран жаттап жатасыздар. Бул чоң бакыт.   Алла  Таала Курандын себебинен Кадыр түндүн, Рамазан айынын даражасы көтөрдү. Ошондой эле  Куранды жат билгендиги үчүн адамдардын арасынан Хафиздердин (Куранды толугу менен жат билген) даражасын көтөрүп койду. Аллахым Өзүнүн түз жолунан адаштырбасын. Зээндүү жана зирек кылып, Куранды эстен чыкпай турган кылып бекем жаттоону жана ар дайым кайталап жүрүүнү насип кылсын» — деди Абдилазиз ажы Абдурахманов.