Максат кары Сидиков: Биз орозо айын кандай өткөрсөк, жылды дагы ошондой өткөрүшүбүз керек

Араван районунун баш имам-хатиби Максат кары Сидиков Төө-Моюн айыл өкмөтүнө иш сапары менен барып, имам-хатибдер менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында өлкө башчынын Жарлыгы, муфтияттан орозо айына чыгарган фатва жана буйруктар жөнүндө маалыматтар берилди.

«Биз Орозо айын кандай тосуп алып, кандай өткөрсөк жылды дагы  ошондой өткөрүшүбүз керек. Бул айда Аллага сүйүктүү амалдарды көп аткарууга умтулалы», – деп билдирди Максат кары Сидиков.

Чогулуштун соңунда айт намазы жөнүндө суроолорго жооп берип, жарлык жана буйруктар боюнча тапшырмаларды берди.