Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби «Шарип ата» медресесин текшерип, студенттер менен жолугушту

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев «Шарип ата» медресесин зыярат кылып, окуу процесси менен таанышты. Анын алкагында диний билим алып жаткан студенттер менен жолугушуу өткөрүп, өзүнүн кеп-кеңешин, акыл-насаатын айтты.

«Азыр окуй турган учуруңар. Убакытты туура пайдаланып, өзүбүздүн туура акыйданы жана мазхабды жакшы өздөштүргүлө. Келечекте чоң пайдасы тиет», – деп билдирди.  

Баш имам-хатиб Азирети Муфтийдин №65 буйругун ишке ашыруу максатында медресенин тазалыгын текшерип, жогорку баасын берди.