Кара-Кулжа районунда аялдарга семинар өтүлүп, ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча маалыматтар берилди

Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айыл өкмөтүндө аялдарга багытталган семинар өтүлдү. Семинарда өлкө башчынын Жарлыгынын аткаруу алкагында ыксыз чыгымдарга жол бербөө боюнча баяндама жасалды.

Ысырапкорчулукту токтотууда аялдардын ролу зор экенин билдирген баш имам-хатиб Дастан ажы Мамаев: «Ысырапкорчулуктун бардык түрү туура эмес. Өзгөчө маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында ысырапка жол берилбеши керек. Динибиз маркумдун үйүнөн ичип-жегенге жылуу карабайт. Ушул нерсени үйдө болобу, туугандар топтолгон жерде болобу, сөзсүз айтыңыздар», – деп билдирди.

Семинар суроо-жооп менен жыйынтыкталды.