Өзгөн райондук хатибиятынын демилгеси менен жардамга муктаж 30 үй-бүлөгө азык-түлүк жана акчалай жардам көрсөтүлдү

Өзгөн районунун Жылалды айыл өкмөтүндө Өзгөн райондук хатибиятынын демилгеси менен жардамга муктаж 30 үй-бүлөгө азык-түлүк жана акчалай жардам көрсөтүлдү.

Кайрымдуулук иш-чарасы Россия Федерациясынын Ростов облусундагы мекендештердин колдоосу жана Өзгөн райондук хатибияты тарабынан каржыланып, жүзөгө ашырылды.

Азык-түлүктөрдөн ун, май, кум шекер, чай, курма, макарон берилип, жеринде тапшырылды.