Өзгөн районун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров мечиттерди каттоодон өткөрүү үчүн имамдарга июнь айына чейин убакыт берди

Өзгөн районунун борбордук мечитинде мечит имамдарына жыйын болуп, каттоодон өтө элек мечиттерди каттоо, мечиттердин ички жана сырткы тазалыктарына көңүл буруу, садака-фитрди өз убагында топтоо жана өрт коопсуздуктарынын алдын алуу боюнча тапшырмалар берилди.

Иш-чарага Өзгөн районун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, хатибият кызматкерлери жана мечит имамдары катышты.

Жыйында Өзгөн районун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров каттоодон өтө элек мечиттерди тез арада каттоо зарыл экенин баса белгиледи.

«Каттоодон өтө элек мечиттерди май айынын акыркы он күнүнө чейин каттоо керек. Учурда мамлекет тараптан бардык колдоолор болуп жатат. Мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланып, өзүбүздөн кийинкилерге мыйзамдаштырылган диний объектилерди калтыралы», – деди Акжол ажы Бакиров.

Муну менен катар мечит имамдарын өз ишине жоопкерчиликтүүлүк менен мамиле кылууга, жамаатка үлгү болууга жана такыбалыкка чакырды.

«Башчыга баш ийүү динибиздин принциптеринен. Муфтият, казыят жана хатибият тарабынан берилген тапшырмаларды аткарып, мечитиңиздерди кароосуз калтырбаңыздар», – деди баш имам-хатиб.