Бишкек шаарындагы Ыйман мечити 160 муктаж үй-бүлөгө Рамазан баштыкчасын таратты

Бишкек шаарындагы ыйман мечити 160 муктаж үй-бүлөгө Рамазан баштыкчасын таратты. Саамалык Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин буйругун ишке ашыруу максатында уюштурулган.

«Рамазан – кайрымдуулуктун, берешендүүлүктүн айы эмеспи. Ыйман мечити дайыма өнөктөштөрү менен биргеликте кайрымдуулуктарды уюштуруп, элдин социалдык абалын жакшыртууга далалат кылып келет. Албетте, бул чек эмес. Ыйык айда Рамазан баштыкчасын уюштуруп, 160 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк тараттык. Муну менен катар  60 миң сом зекет таратылды»,-деди Ыйман мечитинин имамы Ниматулла ажы Рыскулов.