Көлмө медресеси Көлмө айыл өкмөтү менен биргеликте ишембиликке чыгышты

Бишкек шаардык казыятына караштуу Көлмө медресеси Көлмө айыл өкмөтү менен биргеликте ишембиликке чыгышты. Ишембилик иш-чарасынын алкагында медресенин эмгек жамааты жана студенттер көчө бойлорун тазалашып, таштандыларды чыгарышты.

«Иш-чара Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин буйругунун алкагында өтүп, май айына чейин улантылат. Мындай жөрөлгө окуу жайыбызга адатка айланып калган. Ар жылы Көлмө айыл өкмөтүнө караштуу аймакка ишембиликке чыгып, айлана-чөйрөнү тазалап, таштандыларды чыгарабыз. Саамалыкка жергиликтүү тургандар дагы өз салымдарын кошуп келишет»,-деди медресенин мүдүрү Идрис ажы Ахунбаев.