Ажылыкты уюштуруу штабынын мүчөлөрү Чүй облусунан ажылыкка баруу үчүн катталган талапкерлер менен жолугушуп, САПтын чечимдерин, талаптарын түшүндүрүшүүдө

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу жайлар жана үгүт-насаат бөлүмүнүн башчылары Жоробай ажы Шергазиев, Равшан ажы Эратов, КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн кызматкерлери Чүй облусунан ажылык сапарына баруу үчүн катталган талапкерлер менен жолугушуп, Сауд Араб Падышалыгы тарабынан чыгарылган чечимдерди, талаптарды түшүндүрүшүүдө.  Муну менен катар төлөмдөр боюнча маалымат берилип, ажылыкты уюштурууга убакыттын чукул экендигин билдиришти.

«Акыркы 2019-жылды ала турган болсок Сауд Араб Падышалыгынын ажы-умра министрлиги 6 ай мөөнөт берип, ажылыкка даярдык толук кандуу уюштурулуп келген. Мында 1 айлык мөөнөт берилди. Убакыт абдан тар жана биз сиздерди түшүнүп турабыз. Учурда 2019-2020-жылдары ажылык сапарына катталган 65 жашка чейинки жарандар барууга мүмкүнчүлүк алышты. КМДБда түзүлгөн ажылыкты уюштуруу штабы жана Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Сауд Араб Падышалыгынын ажы-умра министрлиги менен тыным албай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Чындыгында ажылык машакат эмеспи, бардык аракеттер көрүлүүдө»,-деди КМДБнын окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов.

Ушундай эле түшүндүрүү иштери Бишкек шаарында дагы жүргүзүлүп, ажылыкка тиешелүү маалыматтар берилди.