КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев Өзгөндөгү болочок ажыларга 2022-жылдагы ажылык сапары боюнча маалымат берди

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуп, 2022-жылдагы ажылык сапары, Сауд Араб Падышалыгынын ажы-умра министрлиги  тарабынан кабыл алынган чечимдерди, талаптарды түшүндүрүп берди. Муну менен катар быйылкы жалы ажылыкты уюштуруу штабы тарабынан кабыл алынган болжолдуу калькуляция жана 65 жашка чейинки курактагы талапкерлер боюнча маалымдады.

«Быйыл 15-майга чейин Сауд Араб Падышалыгына Медина шаарындагы жатакана, Медина-Мекке багыты боюнча автобустар, авоит, Мина, Арафат, Муздалифа өрөөндөрүндөгү чатырлар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн акылары, Мекке шаарынан ыйык Харам мечитине чейинки маршруттук каттамдар үчүн автобустарды уюштуруу сыяктуу бардык төлөмдөрдү которуп бүтүшүбүз керек. Ансыз виза ала албайбыз. Андыктан 25-апрелден 30-апрелге чейин төлөмдөрдү төлөө убактысы коюлду. Учурда бардык тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Штаб тыным албай иштеп, ажылыкка баруу үчүн электрондук тизмеге катталган жарандарга түшүндүрүү иштери жүрүүдө»,-деди Жолдошбек ажы Абдылдаев.

Муну менен катар КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы 30-апрелге чейин төлөмдөр жана ажы башчылар менен Кыргыз Республикасынын жана Сауд Араб Падышалыгынын авиакомпаниялары ортосунда документ кабыл алуу иштери башталгандыгын билдирди.

«Жарандарыбыз туура кабыл алышууда. Биз бардык жагдайды түшүндүрүп, ажылар болжолдуу 15-июндан 30-июнга чейин Кыргызстандан Сауд Араб Падышалыгына ажылык милдеттерин аткаруу үчүн учур кете тургандыгын айттык. Бул абдан чукул убакыт»,-деди Өзнөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров.