Азирети муфтийдин орун басары Ош шаарындагы «Сулайман-тоо» мечитинде түштүк аймагындагы казылар, баш имам-хатибдер менен жолугушуп, бир катар тапшырмаларды берди

Бүгүн, 24-апрель күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары жана 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев,  КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев Ош шаарынын борбордук «Сулайман-тоо» мечитинде  Баткен, Жалал-Абад, Ош облусу жана Ош шаарынын мусулмандарынын казылары, райондук баш имам-хатибдери жана ажылыкка каттоо иштерин жүргүзгөн жергиликтүү операторлор менен жолугушуп,  ажылык сапарын уюштуруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жыйын  алкагында 2022-жылдагы ажылык сапарынын талаптары жана баасы боюнча маалымат берилип, суроо-жооп менен коштолду.

Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары жана 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев ажылык сапарын жогорку деңгээлде уюштуруу керектигин облус казыларына жана райондун баш имам-хатибдерине айтып, ажылыкка баруу үчүн электрондук тизмеге катталган талапкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.