Ошто 17 жашка чейинки балдар арасында Курандын 10 парасы боюнча жарыш өткөрүлдү

Ош шаардык мусулмандарынын казыяты «Ас-Салам» кайрымдуулук фонду менен биргеликте  17 жашка чейинки балдар арасында Курандын 10 парасы боюнча жарыш өткөрүлдү.

Куран жарышына Ош шаарындагы диний окуу жайлардан жана жергиликтүү мечиттерден чыккан жаштар катышып, өз күчтөрүн сынап көрүштү.

Саамалыктын алкагында  Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жана «Ас-Салам» кайрымдуулук фондунун өкүлү Нурлан ажы Сапиев   катышуучуларга ийгилик каалап, ак батасын беришти.

Жарыш жеңүүчүлөрүнө берилген сыйлыктар:
1-орун 40 000 сом
2-орун 30 000 сом
3-орун 20 000 сом

Ошондой эле ар бир катышуучуга акчалай сыйлыктар тапшырылды.

«Иш-чарабыз жогорку денээлде өттү. Ушул жарыштын алкагында 7 пара боюнча дагы медресе жаштары өздөрүн сынап көрүшүп, аларга да акчалай сыйлыктар тапшырылды»,-деди шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев.