Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев шаардагы мечиттерге зыярат кылып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууда

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев шаардагы  мечиттерге зыярат кылып, жергиликтүү тургундарга Рамазан айынын пазилеттери жана ысырапкорчулук боюнча баяндама жасап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

«Берекелүү Рамазан айында Куран окуйлу. Дубалар кабыл болуучу мезгилди туура пайдаланып, Жараткан Алла Таалага жалбаралы. Мамлекетибиз, элибиз үчүн дагы дуба кылууну унутпайлы! Дуба кылууда сараң болбоңуздар»,— деди шаар казысы.

Ушундай эле жолугушуу «Амин-Темир» муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жашоочулары менен уюштурулду.