Ош облусунда ажылык сапары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош облусунун аймагында 2022-жылдагы ажылык сапары, Сауд Араб Падышалыгынын ажы-умра министрлиги кабыл алган чечимдер, ажылыкты уюштуруу штабы тарабынан кабыл алынган болжолдуу калькуляция жана 65 жаш курагы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул боюнча баш имам-хатибдер жана хатибияттын операторлору жигердүү иш алып барды.

«Ыйык сапардын алкагындагы Медина шаарындагы жатакана, Мина, Арафат, Муздалифа өрөөндөрүндөгү сервис акылары, маршруттук каттамдар үчүн автобустарды уюштуруу сыяктуу бардык төлөмдөр эсептелип отуруп, ажылыктын наркы болжолдуу 4500 АКШ долларын түздү. Бул баа азайышы да мүмкүн, көбөйүшү да мүмкүн. 25-апрелден 30-апрелге чейин төлөмдөр төлөнүшү керек. Күчөтүлгөн тартипте иш алып баруудабыз», – деп билдирди Ош облустук казыятынын ажылык боюнча координатору Сулайман ажы Шерматов.

Эскерте кетсек, ажылыкка тиешелүү маселелер боюнча түшүндүрүү иштери облус аймагындагы бардык райондордо өткөрүлдү.