Алибек ажы Жусупов: «Илим караңгылыктын бардык түрүн чегиндире турган күч»

Ош облусунун Араван районуна караштуу А. Навои атындагы орто мектепте «Коомдогу жаш өспүрүмдөрдүн жана жергиликтүү тургундардын арасында диний экстремизмдин жайылуусун алдын алуу» аттуу түшүндүрүү профилактыкалык иш-чарасы болуп өттү. Ага Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Түштүк аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Фурхатбек Адилбек уулу, укук коргоо органдары, мектеп администрациясы жана окуучулар катышты.

Салттуу ислам баалуулуктары жана билим алуунун зарылдыгы боюнча баяндама жасаган Алибек ажы: «Билим өтө баалуу нерсе. Ал караңгылыктын бардык түрүн чегиндире турган күч. Диний болобу, дүйнөлүк болобу, сөзсүз сапаттуу билим керек», – деп билдирди.

Ал эми КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Түштүк аймактык бөлүмүнүн башкы адиси КРнын аймагында тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдар боюнча маалымат берип, суроолорго жооп берди.