Ноокенде 100дөн ашуун аз камсыз болгон үй-бүлөгө 2000 сомдук азык-түлүк Рамазан баштыкчасы таратылды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиковдун демилгеси менен 100дөн ашуун аз камсыз болгон  үй-бүлөгө 2000 сомдук азык-түлүк Рамазан баштыкчасы таратылды. Иш-чара  Рамазан айында ооз ачуу (ифтарлык) катарында берилип, жетим-жесирлерге кубаныч тартуулоо максатында уюштурулган. 

“Мындай иш-чара жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен Рамазан айы башталгандан тарта уюштурулуп келүүдө.  Максатыбыз ыйык айда муктаждардын жұзүнө кубаныч тартуулоо”,-деди баш имам-хатиб Тынчтыкбек ажы Шаиков.