Жалган маалымат таратуу өз элине, жерине, мекенине болгон кыянатчылык

Орозо айт майрам күнү мал союуга бийлик тарабынан тыюу салынды делген аудиотасма социалдык тармактарда тарап жатат. Бул аудиожазуу чагымчыл экенин жана чындыкка дал келбестигин билдиребиз. Бул маалымат атайын чагымчылдык чыгаруу максатында даярдалгандыгы ачык көрүнүп турат.   Андыктан жалган маалыматтарды таратууга себепчи болуп жаткан бир туугандарга кайрылаарыбыз, мамлекетибиздин жаркын келечеги, коомубуздун бүтүндүгүнө бүлүк салбай, тастыкталган маалыматтарды гана чыгарууга чакырабыз. Ошондой эле жалган маалымат менен коомчулукту адаштырбоону өтүнөбүз жана жалган маалымат таратуу чоң күнөө экендигин  эске салабыз.