«Апиза эне» ислам институтунда акыл таймаш өткөрүлүп, ага Азирети Муфтий Замир кары Ракиев калыстык кылды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу “Апиза эне” ислам институтунун студенттери арасында Рамазан айына карата фикх жаатында таймаш уюштурулду. Таймаш “Исмаил ата” борбордук мечитинде өткөрүлүп, саамалыкка  Азирети муфтий Замир кары Ракиев, Азирети Муфтийдин кеңешчиси Асан ажы Сыргабаев,Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, институттун ректору Абдирашит ажы Батыров, окутуучулар жана студенттер катышты.

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев студенттердин таймашка абдан активдүү катышканын баса белгилеп, мындан аркы окууларына ийгилик кааласа, облус казысы Сайдамир ажы:“Мындай таймаштар биринчи жолу өтүп жаткан жок, буга чейин биз бир канча таймаштарга катышып келдик. Институт студенттери дайыма активдүү катышат. Келечекте динге, мамлекетке кызмат кылчу мыкты кадрлар чыгат”, – деп билдирди.
 

Ал эми институттун ректоруАбдирашит ажы Батыров таймаштын негизги максаты ханафи мазхабын жайылтуу, фыкх жаатында студенттердин билимин тереңдетүү, студенттерге  шык  берүү жана жөндөмдөрүн өнүктүрүү болуп саналаарын айтып өттү.

Акыл таймашта “Ыйман”, “Ислам нуру” жана “Ихлас”тобужарышып, намаз жана орозо туралуу блиц-суроолорго жооп беришти. Конкурстун жыйынтыгында 1-орунду “Ихлас” тобу багындырып, 3000 сом акчалай сыйлык менен сыйланса, 2-орунга упайлары бирдей болгон “Ыйман”, “Ислам нуру” командалары татыктуу болуп, 1500 сомдон акчалай сыйлыкка ээ болушту.