Азирети муфтий Замир кары Ракиев Ош облусунун имамдарына жыйын өтүп, бир катар тапшырмаларды берди

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Ош облусунун Кара-Суу, Өзгөн жана Араван райондорунун имамдарына жыйын өткөрдү. Жыйын Кара-Суу районундагы “Исмаил ата” борбордук мечитинде өтүп, ага Азирети Муфтийдин кеңешчиси Асан ажы Сыргабаев, Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, райондун баш имам-хатибдери жана имамдар, имамдын орун басаралары катышты.

Жыйында өлкө башчынын ысырапкерчилик боюнча чыгарган Жарлыгын ишке ашыруу, бөлүнүп-жарылууга жол бербөө, ынтымак, биримдикти күчөтүү, экстремизм, терроризмдин алдын алуу, ар кандай агымдардын жайылышына бөгөт коюуХанафи мазхабын, Матуриди акыйдасын жайылтууажылыкты жогорку деңгээлде уюштуруу,имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу жана имамдардын жоопкерчилиги тууралуу маселелер каралды.

“Президентибиздин ысыраптын алдын алуу боюнча Жарлыгы чыкан күндөн тарта дин кызматкерлери бул жаатта тынымсыз иш-чараларды өткөрүп,  түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келди. Жакшылык иште колдоо көрсөтүү жана сезилерлик натыйжага жетүү максатында казыларга, райхатибдерге өз убагында тапшырмаларды берип жаттык. Мындан тышкары, кабыл алынган Концепциянын КМДБга тиешелүү багыттарын ишке ашыруу, салттуу ислам динин, Ханафи мазхабын, Матуриди акыйдасын жайылтуу, ата-бабаларыбыз тутунуп келген динди өнүктүрүү, экстремизм, терроризмдин алдын алуу, ар кандай агымдардын жайылышына бөгөт коюу жаатында жигердүү иштер жүрдү”, – деп билдирди Азирети Муфтий.

Муну менен катар  дин эркиндигин туура колдонуп, дин кызматкерлерин саясатка аралашпоого, бөлүнүп-жарылууга жол бербөөгө, ынтымакты сактоого, бири-бирин колдоого чакырып, мечиттер  ибадаттар аткарылчу берекелүү жер экенин, мечитке келген жарандарга жакшы мамиле кылып, диний кызматты жогорку деңгээлде жүргүзүү, аманатты так аткарып, татыктуу имам болууга үндөп, Муфтият тарабынан берилген тапшырмаларды, буйрук, фатва чечимдерди өз убагында жана имамчылык кызматты жоопкерчилик менен так аткаруу тапшырмасын берди. Ошондой эле кетирилген кемчиликтер болсо аларды  жоюп, билим деңгээлин көтөрүү керектигин айтуу менен имамдардын бирдиктүү формасын ишке ашыруу керектигин баса белгиледи.

“Коомчулукта жаштарды ыймандуулукка, адеп-ахлактуулукка чакырып, туура тарбия берүүнү, эмгекчилдикке тарбиялоо керектигин, диний окуу жайлар да бул жаатта пландуу иш-аракеттерди жасоосу меенилүү”,-деди Замир кары Ракиев.

Жыйындын соңунда Ош облусунун казысына жана Кара-Суу районунун баш имам-хатибине ыраазычылык билдирүү менен жакында боло турган ажылыкты жогорку деңгээлде уюштуруу боюнча тапшырма берди.