Кара-Сууда Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин катышуусунда таравих намазы окулду

Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Исмаил ата” борбордук мечитинде Куран хатм  аяктап, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин  катышуусунда таравих намазы окулду.

Андан соң Азирети Муфтий Замир кары Ракиев баяндама жасап, ысырап кылуудан алыс болууга, ар кандай туура эмес агымдарга кирип кетпөөгө, Ханафи мазхабын, Матуриди акыйдасын тутунууга, Рамазан айында көп-көп ибадат кылууга, кайрымдуулук иш-чараларын уюштурууга, зекет-садака берүүгө чакырып, жаштарды бөлүнүп-жарылууга жол бербөөгө, ынтымактуу болууга, ыймандуу, адептүү жана эмгекчил болууга үндөдү.

Намаз соңунда Куран хатмдын сообун маркумдарга арнап, мамлекет, эл-жер үчүн, мекенибиздин ынтымагы үчүн дуба кылды.