Кара-Сууда Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин демилгеси менен институт мугалимдерине жалпы наркы 315 000 сомдук кийим-кече берилди

Улуу Рамазан айында студенттер жана инститтун жамааты үчүн кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулду. Кайрымдуулук иш-чарасы Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин демилгеси, Ош облустук казыятынын жана Кара-Суу райондук хатибиятынын колдоосу менен ар бир студентке Түркия өндүрүшүндө даярдалган 3000 сомдук спорттук кийимдер жана ар бир мугалимге  6000 сомдук костюм-шым, кийим-кече таратылды. Рамазандык белектин жалпы наркы 315 000 сомду түздү.

Эске салсак, “Апиза эне” Ислам институтунда жалпы 110го жакын студент билим алса, 10 окутуучу эмгектенет.