Тоң районунун Коңур-Өлөң айылындагы жардамга муктаж 20 үй-бүлөгө 50 000 сомдук азык-түлүк жардам катары таратылды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Коңур-Өлөң айылындагы жардамга муктаж 20 үй-бүлөгө 50 000   сомдук азык-түлүк жардам катары таратылды. Кайрымдуулук иш-чарасы райондун баш имам-хатиби Таалайбек ажы  Акунов тарабынан демилгеленип, жеке ишкерлер колдошкон.  

« Ар бир үй-бүлөгө берилген азык-түлүк 2 500 сомду түздү.  Ыйык Рамазан айынын  келиши менен ар бир адам сооп табууга ашыгат. Ушул себептен   айылдагы жеке ишкерлер аз камсыз болгон бир туугандарга жардам беришүүдө. Мүмкүнчүлүккө жараша кайрымдуулук иштерибизди уланта бермекчибиз»,-деди Коңур-Өлөң айылынын имамы Жылкайдар Койчуманов.