Таалайбек ажы Акунов : Мектеп окуучусу бүгүн ыймандуу болуп өсүп жетилсе, мекенине кыянаттык кылбайт

Тоң районунун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов  Жоомарт Бөкөнбаев айылындагы “Ж.Бөкөнбаев” жана “Токтбай уулу Шамей” атындагы орто мектептериндеги окуучулар менен жолугушуп, зордук-зомбулуктун алдын алуу, мектептеги талап- тоноочулук, суицид, ата-энени урматтоо маселелерин камтыган “Келгиле адептүүлүк менен келечекке кадам” темасында баяндама жасады.

Жолугушууга мектеп жетекчилери, ата-энелер, мугалимдер катышып, окуучулар үчүн мындай жолугушуулар маанилүү экендигин билдирди.  Жолугушууда мектеп жетекчилери, мугалимдер билим алуунун пайдалары жана окуунун адеби туурасында  доклад окушса, окуучулар өз калемдеринен жаралган ырларын окуп, ыйман, адеп туурасында өз ойлорун билдиришти.

“ “Жаштар биздин келечек”,- деп көп айтабыз. Бирок кантип келечек болушат? Качан алар ыймандуу, адеп-ахлагы бийик жана Алла Тааладан чындап корккондо. Алланын көрүп турат деген сезими болсо, ал өспүрүм терс жолдорго барбайт. Андыктан жаштарга ыйман туурасында маалыматтарды көп берүүбүз маанилүү. Азыр мектеп окуучусу болсо, келечекте министр же дагы бир мамлекеттин кызматкери болот Жараткан насип кылса. Мектеп окуучусу бүгүн ыймандуу болуп өсүп жетилсе, мекенине кыянаттык кылбайт”,-деди Таалайбек ажы Акунов.