Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев айымдар үчүн «Үй-бүлө баалуулуктарын сактоо» темасында баяндама жасады

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев «Раян» мейманканасынын жыйындар залында айымдар үчүн өткөрүлгөн иш-чарада  «Үй-бүлө баалуулуктарын сактоо»  темасында баяндама жасады.

«Үй-бүлө баалуулуктарын сактоо үчүн жубайлардын ортосундагы мамилени бекемдөө керек. Элибизде «Жылуу сүйлөсөң жылан да ийнинен чыгат»,- деп бекеринен айтылган эмес. Ошондуктан, аял киши жолдошунун жумуштан келишин жакшы күтүп алуусу, даамдуу тамак даярдап, жакшы сөз айтуусу жубайлардын махабатын күчөтөт», — деди шаар казысы.

Жыйынга Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков,  «Абдужапар» Ислам институтунун ректору Нурбек кары Орунбаев, теология илимдеринин доктору Ниязалы ажы Арипов катышты.