Ноокат районунда экстремизмдин жайылышынын алдын алууга багытталган профилактикалык иш-чара өткөрүлдү

Ош облусунун Ноокат районунда коомдогу жаш өспүрүмдөрдүн жана жергиликтүү тургундардын арасында диний экстремизмдин жайылышынын алдын алууга багытталган түшүндүрүү профилактикалык иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ТАБынын башкы адиси Фурхатбек Адилбек уулу, укук коргоо органдары, мектеп администрациясы жана окуучулар катышты.
 

Ислам дининин асыл баалуулуктары жана билим алуунун зарылдыгы боюнча баяндама жасаган Алибек ажы: «Мектеп курагы бардык өзгөчөлүктөр жана сапаттар калыптана турган мезгил. Ушул мезгилди ашкере оюн-күлкү менен өткөрүп жибербей, окууга көбүрөөк көңүл бургула. Окуган озот», – деп билдирди. Ал эми КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ТАБынын башкы адиси КРнын аймагында тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдар боюнча маалымат берип, суроолорго жооп берди.
 

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө КР Президентинин «Үй-бүлөлүк салтанат жана маркумду эскерүү үрп-адатын тартипке келтирүү» жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруу алкагында ысырапкорчулуктун кесепеттери боюнча маалыматтар берилди.