Электрондук капчыктан чогулган 250 000 сом жетим балдарга таратылды

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы электрондук капчыктын «жетим балдарга» бөлүгүнө келип түшкөн 250 000 сомду ата-энесинен ажыраган  же атасынан айрылып, апасы, энеси жана жакын туугандары менен күн кечип келе жаткан 50 үй-бүлөгө  5 000 сомдон таратты.  

Кайрымдуулук иш-чарасына Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев катышып, ата-энесинен айрылган балдарга көңүл айтып, Алла Тааладан бардык жакшылыктарды тилеп дуба кылды.

«Электрондук капчыктар аркылуу садака-фитир, кайрымдуулук, зекет жана жетим балдарга деп атайын эсептик счеттор ачылган. Бүгүн минтип электрондук капчыктардан чогулган 250 000 сомду таратып, элибиздин аманатынан кутулуудабыз. Кайрымдуулуктарын берген элибизге да дуба кылышыбыз керек»,-деди Азирети Муфтий.