Алибек ажы Жусупов: «Илим-билим Кудай Таала тарабынан адамзатка берилген жакшылык»

Ош облусунун Кара-Суу районунда коомдогу жаш өспүрүмдөрдүн жана жергиликтүү тургундардын арасында диний экстремизмдин жайылышынын алдын алууга багытталган түшүндүрүү профилактикалык иш-чарасы болуп өттү. Ага Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ТАБынын башкы адиси Фурхатбек Адилбек уулу, райондук мамлекеттик администрация өкүлдөрү, укук коргоо органдары, мугалимдер жана окуучулар катышты.
 

Салттуу исламдын асыл баалуулуктары жана билимдин пазилеттери боюнча лекция жасаган казынын орун басары: «Илим-билим Кудай Таала тарабынан адамзатка берилген жакшылык. Аны көргөн жерден алышыбыз керек. Динибизде илим алуу – аялга да, эркекке да парз кылынган», – деп билдирди. Ал эми КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ТАБынын башкы адиси КРнын аймагында тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдар боюнча маалымат берип, суроолорго жооп берди.
 

Саамалыктын жүрүшүндө КР Президентинин «Үй-бүлөлүк салтанат жана маркумду эскерүү үрп-адатын тартипке келтирүү» жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруу алкагында ысырапкорчулуктун кесепеттери боюнча зарыл маалыматтар берилди.