ОшМУда “Ачык эшиктер күнү – 2022” билим майрамы өткөрүлүп, ага Ош облустук казыяттын кызматкерлери катышты

ОшМУда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы мектептердин директорлору, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан, жогорку окуу жайлардан өкүлдөр, ар кайсы тармактарда ийгиликтүү иш алып барып жаткан иш берүүчүлөрдүн катышуусунда “Ачык эшиктер күнү” өткөрүлдү. Аталган саамалыкка Ош облустук казыяттын үгүт-насаат жана мечиттер адиси, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков жана казыяттын кадрлар адиси Иманбек Азизилла уулу катышты.
 

«ОшМУнун бүтүрүүчүлөрү катары университеттин билим майрамына катышып жатабыз. Аймактардан келген мектеп окуучуларына теология факультети жана «Ыйман» гимназиясы боюнча маалымат берип, кабыл алуу шарттары боюнча суроолорго жооп бердик. Андан сырткары кызыккандарга КМДБ жана анын түзүмдөрү, функциялары, мүмкүнчүлүктөрү боюнча да маалымат берилди», – деп билдирди Абдималик ажы.

Ал эми кадрлар адиси ОшМУнун Ата мекендик окуу жайлардын флагманы катары өзүн нечен ирет далилдегенин, бир катар критерийлер боюнча Орто Азиядагы эң алдыңкы 5 ЖОЖго киргенин, анын теология факультети да өлкөдө диний-дүйнөбий билимдерди айкалыштырып берүү боюнча эң алдыңкы мекемелердин бирине айлана алганын билдирди.
 

Эскерте кетсек, билим майрамына Кыргызстандын түштүк регионундагы 175 мектептен 5 миңге чукул бүтүрүүчү, ата-энелер, мектеп директорлору жана мугалимдер келип, алар университеттеги билим берүү үчүн түзүлгөн шарттар, окуу жайдын инфраструктурасы жана адистиктер менен таанышты.