Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматовдун катышуусунда “Исмаил ата” борбордук мечитинде Кадыр түн кечеси уюштурулду

26-апрель күнү Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Исмаил ата” борбордук мечитинде чоң масштабда Кадыр түн кечеси уюштурулду. Саамалыкка Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, КИУнун ректору жана дин аалымы Абдишүкүр ажы Нарматов, Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров катышты.

Кадыр түндө Абдишүкүр ажы Нарматов баяндама жасап, жаштарды билим алууга, Куран үйрөнүүгө үндөп, китеп окууга кызыктырып, ата-эненин кадырына жете билүү керектигин баса белгиледи.

“Адептүү, ыймандуу, акылдуу, зирек, элпек болуп, улууларга урмат көрсөтүп, эң башкысы чынчыл болуу керек”,-деди  Абдишүкүр ажы Нарматов.

Мындан тышкары улуу Рамазан айынын пазилеттерин, пайдаларын, соопторун айтып,  Куранда айтылган “Кадр” сүрөсүнүн маанисин тафсирлеп, чечмелеп терең түшүндүрдү.  Андан соң жалпы жамаат менен биргеликте мамлекеттин тынчтыгы, элибиз, жерибиз үчүн дуба кылды.

Кадыр түндүн соңунда  Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров  Абдишүкүр ажы Нарматовго, Кадыр түндү уюштургандарга, жалпы мусулмандарга ыраазычылык билдирди.

Ал эми   Кадыр түнгө келген жамаат үчүн “Исмаил ата” фондунун кызматкерлери 1200 адамга ооз бекитүү уюштуруп беришти.